Америка кайрадан бороон-чапкында калары айтылууда

© REUTERS / Joshua Roberts / File PhotoЗдание Капитолия США в Вашингтоне
Здание Капитолия США в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти Дональд Трамп Флорида штатына, Пуэрто-Рико менен чектешкен Америка аймактарына жана Виргин аралдарына өзгөчө кырдаал киргизди

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кариб бассейни аралдарына жана АКШнын түштүк-чыгыш аймактарына "Ирма" бороону жакындап келгенин жана ал буга чейин болгон "Харви" бороонунан да күчтүү экенин BBC телеканалы билдирди.

Кытайдын түштүк тарабындагы Гуандун провинциясында тайфун болуп имараттар кыйроого учурады - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы тайфун адамдарды учуруп, имараттарды кыйратты. Кырсыктын видеосу
"Ирма" бороонуна бешинчи деңгээл ыйгарылды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 220 чакырымга жетет. Мындай катуу ылдамдыктагы шамал үйлөрдүн чатырын оңой эле учуруп, пальмаларды тамыры менен жулуп кетет.

АКШ президенти Дональд Трамп Флорида штатына, Пуэрто-Рико менен чектешкен Америка аймактарына жана Виргин аралдарына өзгөчө кырдаал киргизди.

Учурда Флорида штатынын бийлиги бардык аскерлерди кызматка тартып, түштүк жээктеги туристтер менен тургундарды коопсуз аймактарга көчүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0