АКШдагы мусулмандар менен еврейлер KFC компаниясын чочко этинен улам сотко берди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСеть ресторанов быстрого питания KFC
Сеть ресторанов быстрого питания KFC - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамак жана динге байланыштуу арыз менен сотко кайрылуу Мичиган штатында сейрек кездешет.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. АКШнын Детройд шаарындагы мусулмандар менен еврейлер KFC жана Denny's ресторандарындагы тамакка бекон кошулганынан улам сотко арыз менен кайрылган. Бул тууралуу РИА Новости  агенттиги Religion news service басылмасына таянуу менен билдирди.

Международный фестиваль дружбы Seoul Friendship Fair 2017 в Корее - Sputnik Кыргызстан
Кореялыктар кыргыз даамын татышты. Seoul Friendship Fair-2017 фестивалы
Тамак жана динге байланыштуу арыз менен сотко кайрылуу Мичиган штатында сейрек кездешет. Арыз ээлери алардын тутунган дини бузулганын айтышса, ресторандардын өкүлдөрү бекон тамакка кокусунан түшүп кеткен деп ишендиришүүдө.

Арызга кол койгондордун бири Анжела Монтгомеринин айтымында, Denny's ресторанында анын вегетариан омлетине бекон кошуп беришкен. Ал тамагына чочко эти кошулганын тамагын жеп бүтөр алдында билген.

Ал эми сотко арыз менен кайрылган мусулман жуптардын KFC ресторанынан тоок эти менен алган бутербродунда бекон бар болуп чыккан. Муну уккан ресторандын кызматкерлери кечирим сурагандын ордуна ууртунан жылмайышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0