23:56 19 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Дүйнөдө

Кытай: кош бойлуу аял көчөдө көз жарып, баласын көтөрүп, андан ары басып кетти

Кыскача шилтеме алуу
2230 0 0
© Видео / YouTube /Pear Video

Тез жардам кызматы келгенче төрөп койгон аялга дарыгерлер болгону ымыркайын орогонго жардам беришти

Кытайда кош бойлуу аял дүкөн кыдырып жүргөн мезгилде көчөдө төрөп койду. Бул тууралуу Shanghaiist басылмасы жазып чыкты.

Окуяга күбө болгондор тартып алган видео интернет колдонуучулар арасында жайылып, ага кызыгып, көргөндөр арбыган.

Видеодо кытайлык аял дүкөн кыдырып жүргөндө толгоосу башталып, андан соң көчөдө ичин кармап тургандыгын көрүүгө болот. Ага айланасында жүргөндөр отургуч жана бутунун астына салганга картон кагаз алып келип беришкен.

Аял Тез жардам кызматы келгенче төрөп койгондуктан дарыгерлер келип, болгону ымыркайын орогонго жардам беришкен.

Аягында ал жаңы төрөгөн ымыркайын бир колуна, чоң баштыгын бир колуна көтөрүп алып көчөдө жөө басып баратканын көрүүгө болот.

Тема боюнча

Оп, бали! 55 жаштагы кытайлык жаран Майкл Жексонду куп жараштыра туурап бийледи
Белгилер:
ымыркай, төрөт, аял, Кытай
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ