Индияда пил жанына селфи жасоого барган кишини тебелеп салды. Видео

© AFP / SIMON MAINAПил. Архив
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пил тебелеп кеткен киши ооруканага жетпей каза болгон

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Индияда пил менен селфи жасай коём деген жергиликтүү тургун жаныбардын тебелендисинде калды. Бул видеону Daily Mail басылмасы жарыялаган.

Басылманын маалыматы боюнча окуя Орисса штатындагы парктардын биринде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү тургун пил менен сүрөткө түшүү үчүн жанына өтө жакын барып алган.

Андан кийин видеодон көрүнгөндөй пил ал кишини кубалап барып, жыгылып калганда тебелеп кирет. Парктын жумушчулары жардамга барганы менен жаныбарды кетире алган эмес.

Жаракат алган киши Тез жардам менен алып бара жатканда ооруканага жетпей каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0