Уэйн Руни мас абалында унаа айдагандыгы үчүн 300 миң фунт стерлинг айыпка жыгылды

© REUTERS / PETER CZIBORRAМатч "Челси" против "Эвертона"
Матч Челси против Эвертона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган айыпты футболчуга машыктыруучусу сала турганын айткан. Ал эми соттук отурум 18-сентябрда болот.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Атактуу футболчу Уэйн Руниге машыктыруучусу Рональд Куман 300 миң фунт стерлинг айып салуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, "Эвертон" клубунун башкы машыктыруучусу Рональд Куман футболчуга буга чейинки болгон чырынан улам айып салуу алдында турат.

Белгилей кетсек, Руни өткөн аптада мас абалында унаа айдап бара жатып полиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Бул жоругу үчүн сурак берип, 18-сентябрга сот отуруму белгиленген.

Суперкубок Испании. Реал Мадрид — Барселона - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Месси кийинки жылы "Барсадан" кетет
Оюнчунун башкы машыктыруучусу Рунинин бул кадамын кескин сындап, ал менен келишим түзүү алдында тартипке өзгөчө көңүл бурулаары эскертилгенин айткан.

Айрым басылмалардын билдиришинче, Куман эгерде Руни дагы ушундай кадамдарга бара турган болсо анда аны командадан чыгарып саларын жар салган.

Эске сала кетсек, Англиянын тарыхындагы эң күчтүү бомбардир Уэйн Руни үстүбүздөгү жылдын июль айында "Манчестер Юнайтед" командасынан "Эвертонго" өткөн. Ал август айында Англиянын курама командасындагы карьерасы аяктагандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0