Болочок кайнатасы абактан чыккандыктан Бэйл үйүн кайтарууга алды

© AFP / PIERRE-PHILIPPE MARCOU"Реалдын" футболчусу Гарет Бэйлдин архивдик сүрөтү
Реалдын футболчусу Гарет Бэйлдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун сүйлөшкөн кызынын атасы Мартин Райс Жонс алдамчылык боюнча соттолуп, АКШ түрмөсүндө беш жыл отурган

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Реалдын" футболчусу Гарет Бэйл болочок кайнатасынын абактан чыккандыгына байланыштуу Уэльстеги үйүн кайтаруу үчүн 500 миң фунт стерлинг жумшай турган болду. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.

Ювентус клубунун чабуулчусу Марио Манджукичтин Реалдын дарбазасына киргизген голу - Sputnik Кыргызстан
Манджукичтин киризген тобу өткөн сезондун мыкты голу деп табылды
Спортчунун сүйлөшкөн кызынын атасы Мартин Райс Жонс алдамчылык боюнча соттолуп, АКШ түрмөсүндө беш жыл отуруп чыккан.

Учурда кыздын жакындары Мартин Райс Жонстон алданып калгандар өч алышы мүмкүндүгүн айтып, өмүрүнө кооптонуп жатышат. Ушундан улам көп каражат коопсуздукту күчөтүүгө жана байкоочу камерларды коюуга жумшалат.

Басылманын маалымдашынча, Бэйл сүйүктүүсүнүн атасын кайтарттыруу үчүн мурда атайын элиталык аскер бөлүктөрдө кызмат өтөгөн адамдарды жалдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0