Лукашенко аткаминерлерге Белоруссиянын электромобилин жасап чыгууну тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБелоруссиянын президенти Александр Лукашенконун архивдик сүрөтү
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белориссиянын президенти Tesla машинасын айдап көрдү

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Tesla машинасын айдап көрүп, өлкөнүн аткаминерлерине электромобиль жасоону тапшырды. Бул тууралуу BBC телеканалы билдирди.

Ал өз сөзүндө Tesla от алганда аба кемеси сыяктуу, керек болсо андан да күчтүү жүрө турганын айтты.

"Америкалыктар супер машина жасашыптыр. Алардын бул аракети үчүн азаматсыңар деп айткым келет. Бизге да электромобиль керек. Аны азыркы заводдордун биринде, же башка жакта жасаса болот. Америкалыктар, немистер же англичандар менен кызматташтасыңарби же жокпу, ал силердин ишиңер", — деди Лукашенко.

Ал ошондой эле америкалыктар жасап чыккан электромобилди аткаминерлер көрсөтүп, эми аны карап чыгып, өздөштүрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0