ЖМК: Дональд Трамп маалымат жыйында элди кыраан каткырыкка салды

© Sputnik / Кейтлин Оукс / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп чаташтырган кабарчы кесиптеши менен түшкөн сүрөтүн социалдык баракчасына жарыялап, экөө такыр окшош эместигин билдирген.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Финляндиянын президенти Саули Ниинисте менен биргеликте маалымат жыйын өткөрүп жаткан учурда сары чачтуу эки кабарчы айымды чаташтырып алды. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Билдирмеге караганда, суроо-жооп учурунда Финляндиянын президенти кабарчыга сөз берген, бул учурда Трамп "кайра элеби? Сиз кайра-кайра эле бул айымга суроо узатууга мүмкүнчүлүк бере бересизби" деп билдирген.

"Жок, бул башка айым", — деп Ниинисте жооп берген.

​Ал эми кабарчы болсо алардын өлкөсүндө сары чачтуулар көп экенин айтып, жылмайган.

Телеканалдан белгилешкендей, бул көрүнүш залды кыраан каткырыкка салган.

Маалымат жыйынга катышкан PBS NewsHour теледолбоорунун кабарчысы өзүнүн Instagram баракчасына кесиптеши менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, экөө такыр окшош эместигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0