Сауд Аравиясында эркектер койдун башы, төркүн маселеси үчүн ажырашат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүХиджаб кийген аял. Архив
Хиджаб кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылма эркектер аялдары менен эмнеликтен улам ажырашкандыгы тууралуу бир нече таңгалычтуу фактыларды жарыялаган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Сауд Аравиясынын жараны койдун башынан улам аялы менен ажырашууну чечкен. Бул туурасында РИА Новости "Аль-Ватан" гизитине таянып кабарлады. 

Басылмада үйдүн кожойкеси койдун башын башка тамактар менен кошо бергенди унутуп калат. Буга нааразы болгон күйөөсү жубайынан баш тартыптыр. 

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажырашуу азабы эмнеден келип чыгат? Үй-бүлөлүк чыр-чатактын себептери
Басылма эркектер аялдары менен эмнеликтен улам ажырашкандыгы тууралуу бир нече таңгалычтуу фактыларды жарыялаган. Сауд өлкөсүнүн бир жараны “катар басалы “ деген сөзүн укпай алдына өтүп кеткени үчүн жубайын күнөөлөп, ажырашып тынган. Дагы бирөө бал айында аялы бутуна шөкөт буюдарын тагынбаганы үчүн кол шилтеп басып кетиптир. Ал эми бир сулуу төркүндөрүнө тынбай каттаганы үчүн жарсыз кылган. 

Сауд Аравиясында дагы бир ажырашуу көптөрдү таңгалдырган. Кожоюнунун колун кармап баса коем деген аялы күйөөсүнүн каарына калып, акыры ажырашып тынышыптыр. 

Сауд Аравиясындагы нике мамилелери боюнча адис Хамуд аль-Шамри падышалыкта ажырашуу 20 пайызга өскөнүн айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0