Франция үйүнө кайта турган качкындарга 2500 евро төлөп берет

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүПариж шаарындагы качкындар. Архив
Париж шаарындагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын кызматкерлер көчөлөрдү кыдырып мигранттар менен жолугуп жүрөт

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Франция бийлиги Кале шаарында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өлкөдөн чыгып кетүү үчүн документтерин иретке келтирип, ар бирине 2500 евро төлөп берет. Бул туурасында Sputnik Франция агенттиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Франциянын иммиграция жана интеграция бюросунун кызматкерлери көчө кыдыра мигранттар менен жолугуп жүрөт. Алар качкындарга үйүнө кетүүгө жардам берерин айтып акча сунушташууда.

"Мигранттарды жайгаштыруу" ассоциациясынын вице-президенти Франсуа Генок мындай жөлөк пул берүү мыйзамсыз иммиграция маселесин чечүүгө жардам берерин айткан.

"Качкындарга акча аэропорттон чыгып баратканда же үйүнө баргандан кийин берилет. Анткени айрымдар акча таап калууну көздөшү мүмкүн. Мисалы Италиядан документ алгандар Францияга келип жөлөк пул сурап, кайра коңшу өлкөгө чыгып кетиши ыктымал", — деген ал.

Учурда "Мигранттарды жайгаштыруу" ассоциациясынын кароосунда саясий качкын катары баш паанек сураган 80 миңге жакын адам турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0