АКШдагы кыргыздар, сак болгула! Катуу бороон күтүлүүдө

© NASA / NOAA GOES ProjectУраган "Харви" в США
Ураган Харви в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик Техас штатына баруудан баш тартууга жана ошол аймакта жашаган кыргызстандыктарды сак болууга чакырат

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШнын чыгыш жээгине жеткен "Харви" аттуу катуу шамалдан улам өлкөнүн Техас штатына баруудан баш тартууга жана ошол аймакта жашаган кыргызстандыктарды сак болууга чакырган билдирүүнү Тышкы иштер министрлиги таратты.

Маалыматта "Харви" акыркы 12 жыл ичиндеги катуу бороон-чапкын экени жазылган. Учурда аталган аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен +1 (202) 256-2924 телефондору аркылуу күнү-түнү байланышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0