Лондондо уурулар дубалды тешип кирип 2,3 млн. долларлык зер буюмдарды уурдаган

© AFP / Sam PANTHAKYЗер буюмдар. Архив
Зер буюмдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда полиция кылмышкерлерди табуу боюнча бардык аракеттерин көрүүдө

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Лондондун чыгышындагы дүкөндөрдүн биринен уурулар дубалды тешип кирип, жалпы баасы 1,8 миллион фунт (2,3 миллион доллар) болгон алтын жана бриллиант азем буюмдарын уурдап кетишкен. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги LBC радиосуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 10-июлда болуп, учурда шектүү сегиз кишиге издөө салынды. Алар дубалды барскан жана лом менен тешип, дүкөндүн ичиндеги буюмдарды төрт сааттын ичинде алып кетишкен.

Учурда полиция кылмышкерлерди табуу боюнча бардык аракеттерин көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0