Француз аял 9 жыл мурда жоголгон мышыгын таап алды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМышык. Архив
Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калина деген мышык 2008-жылы жоголуп кеткен

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Франциянын Ивелин департаментинин тургуну тогуз жыл мурда жоголуп кеткен мышыгын таап алды. Бул тууралуу Parisien гезити жазып чыкты.

Калина аттуу мышык 2008-жылы жоголуп кеткен.

​Быйыл август айынын ортосунда Шер департаментинин ветеринары мышыктын ээси Аннга чалып, жаныбарды таап алышканын телефондон билдирген. Анн башында кайсы мышык тууралуу сөз болуп жатканын түшүнгөн эмес. Себеби, Калина жоголуп кеткенден кийин ал төрт мышык баккан.

Мышык ээсин дароо таанып, анын алдына келип отурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0