АКШ бүткүл Россияга виза берүүнү белгисиз мөөнөткө токтотту

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСША приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России
США приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россия АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин санын 755 кишиден 455ке чейин кыскартууну буюрган. Ошентип Москва кызматкерлердин санын өзүнүн АКШдагы элчилигинде иштегендер менен теңеген.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Шаршемби күндөн тарта АКШ бүткүл Россияга иммиграциялык эмес виза берүүнү белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

АКШ 1-сентябрдан тарта визаны Москвадагы элчилигинен гана бере баштайт.

Буга чейин Россия АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин санын 755 кишиден 455ке чейин кыскартууну буюрган. Ошентип Москва кызматкерлердин санын өзүнүн АКШдагы элчилигинде иштегендер менен теңеген.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай визасы: студенттерден документ кабыл алуу мөөнөтү узарды
АКШ элчилиги виза берүүдөгү мындай аракеттер Москва киргизген чектөө аяктаганга чейин уланарын билдирип, азыр кыскарган айрым кызматкерлерди Вашингтонго жиберүү менен алектенип жатышканын маалымдашкан.

Ал эми өз кезегинде Москва Американын бул кадамын тыкыр анализдеп туруп, жооп кайтарарын айтып, алардын кадамдары Американын элине зыян тийбегидей болот деп ишендирди. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай чечимди кабыл алган америкалык авторлор бул ирет дагы Россиянын жарандарынын бийликке болгон нааразычылыгын чыңалтууга аракет кылганын баса белгиледи.

АКШ элчилиги өз сайтында жаңы чектөөлөр кимдерге таасир берерин толук жазып, жаралган абалдан кантип чыгуунун жолдорун түшүндүрүп берген. Ага ылайык, Вашингтондун чыгарган чечимине чейин эле документтерди тапшырып, маектешүүнү күтүп жаткандар дипөкүлчүлүктүн кызматкерлери менен байланышып анын датасын такташы кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0