Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрү качан болорун айтышты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Астана
Города мира. Астана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, техникалык жолугушуу Астанада өтөт, ал эми жыйындын өзүнүн кайда болорун кепил болгон мамлекеттер аныктап берет

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Сирия боюнча Астанадагы кезектеги жолугушуу сентябрдын ортолорунда өтөт. Бул туурасында Казакстандын ТИМ жетекчиси Кайрат Абдрахманов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Кепилдик берген мамлекеттер, тагыраагы Россия, Иран жана Түркия эксперттер деңгээлиндеги техникалык жолугушууну августтун аягына чейин өткөрүүгө ниеттенип жатышат. Анда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча кезектеги жолугушуунун күн тартиби менен боло турган күнү аныкталат. Болжол менен сентябрдын ортосунда деп жатабыз", — деп айткан Абдрахманов журналисттерге.

Анын айтымында, техникалык жолугушуу Астанада өтөт, ал эми жыйындын өзүнүн кайда болорун кепил болгон мамлекеттер аныктап берет.

Сириядагы жагдайды жөнгө салуу боюнча эл аралык бешинчи жолугушуу Астана шаарында 4-5-июлда өткөн. Анда келечекте деэскалация боло турган аймактардын чеги талкууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0