Түндүк Кореядан Сирияга жиберилген сырдуу эки жүк жолдон кармалды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАлеппо шаары. Сирия. Архив
Алеппо шаары. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта Түндүк Корея жана Сириянын ортосундагы тыюу салынган химиялык заттар, баллистикалык ракеталар, курал боюнча кызматташуунун иликтенери айтылды

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Акыркы жарым жылда Түндүк Кореядан Сириянын илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар борборуна жиберилген эки жүк жолдон кармалып, токтотулган. Бул тууралуу БУУнун Түндүк Кореянын санкцияларды бузгандыгы боюнча докладга таянып Рейтер жазганын РИА Новости билдирди.

Агенттик БУУнун көз карандысыз эксперттери тарабынан даярдалган доклад аталган уюмдун Коопсуздук Кеңешине берилгендигин, ал эми сырдуу жүк кайдан токтотулуп калганын жазган эмес. Ал эмне жүк экендиги да ачык айтылган жок.

"Комиссия Түндүк Корея жана Сириянын ортосунда тыюу салынган химиялык заттар, баллистикалык ракеталар, курал боюнча кызматташууну иликтемекчи", — деп жазган агенттик.

Изилдөөлөрдү баяндаган доклад 37 беттен турган.

"БУУга мүчө эки мамлекет Сирияга деп жөнөтүлгөн жүктү ортодон токтотуп калышкан. Башка мүчө мамлекет комиссияга бул товарлар Түндүк Кореянын тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү боюнча соода корпорациясы менен Сириянын ортосундагы келишимдин бир бөлүгү деп эсептегенге негиз бар экендигин билдирген", — деп айтылат докладда.

Документте жүктү алгандар сириялык ишканалар экендиги белгиленген.

Пальмирадагы Россиялык саперлор - Sputnik Кыргызстан
Сирия: тоолуу Латакияда аскерлер 11 айылды минадан тазалашты
2013-жылы август айында Дамаск шаарында болгон газ соккусунда жүздөн бир жарым миңге чукул адамдын каза болгондугу айтылып келет. Сирия химиялык куралга тыюу салган Ковенцияга кол коюп, кошулган. Бул Россия менен АКШнын химиялык куралды жоюу жаатында Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун көзөмөлү алдында жетишилген келишиминен улам болгон. Андан сырткары, АКШнын Сирияга аскердик кийлигишүүсүн токтоткон. Ал эми президент Башар Асад сириялык өкмөт өз элине карата химиялык куралды эч качан колдонбогондугун айткан.

Химиялык куралдын запастары Сириядан чыгарылып кеткен. 2016-жылдын январь айында Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм өлкөдө химиялык куралдардын арсеналы толугу менен жок кылынгандыгын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0