Анталияда турист ташыган автобус ала салды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтобуска түшүп жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Автобуска түшүп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобустун ичинде кайсы мамлекеттин жарандары болгону такталууда

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Анталияда турист ташыган автобус ала салып, кеминде алты киши түрдүү жаракат алганын Yenisafak басылмасы жазып чыкты. Ага ылайык, автобустун ичинде 26 киши болгон.

​Жол кырсыгы Анталия — Кемер жолунун орхан Бүйүккалп туннелинен чыга беришинде катталган

Ооруканага жеткирилгендердин экөө балдар экени маалымдалды.

Айдоочунун берген түшүндүрмөсүнө ылайык, ал жамгырдан улам рулду башкара албай калган.

Автобустун ичинде кайсы мамлекеттин жарандары болгону такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0