Окумуштуулар пенсионерлер социалдык тармактардан эмнеге коркорун айтышты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТелефон кармаган кары аял. Архив
Телефон кармаган кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөлөрдө улгайгандардын көпчүлүгү соцтармактарда балдарын, неберелерин жана туугандарын "аңдуу" үчүн катталышары аныкталган

БИШКЕК, 20-авг. – Sputnik. Улгайгандар чочулап, башкалар аларды аңдыйт деген кооптуулуктан улам Facebook тармагына аз жазышат. Бул туурасында РИА Новости Telematics and Informatics журналына шилтеме кылып жазды. 

"Алардын баш оорутканы — өздөрү тууралуу башкалар билип алат деп коркушу. Иликтөөгө катышкан пенсионерлердин жеке маалыматтарын чоочундар билип алат деп саксактап турганы байкалды", — деп айткан Пенсильваниядагы университеттин окумуштуусу Шиам Сандар.

Иликтөөлөрдө белгилүү болгондой, улгайгандардын көпчүлүгү соцтармактарда балдарын, неберелерин жана туугандарын "аңдуу" үчүн катталышат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0