Трамптын Twitter тармагындагы аккаунту 2 млрд. долларга бааланды

© REUTERS / HANDOUTАКШ президентти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШ президентти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай бааны Monness Crespi Hardt & Co компаниясынын серепчиси Джемс Какмак аныктап чыккан

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. АКШ президентти Дональд Трамптын Twitter тармагындагы баракчасы эки миллиард долларга бааланды. Бул тууралуу Блумберг агенттиги жазып чыкты.

Мындай бааны Monness Crespi Hardt & Co компаниясынын серепчи Джемс Какмак аныктап чыккан.

Ошондой эле эксперт Трампты "дүйнөдөгү эң мыкты акысыз жарнамачы" деп эсептейт.

АКШ лидеринин аккаунтуна 36,2 миллион колдонуучу катталган. Ал баракчасына колдонуп баштаган 2009-жылдан ушул күнгө чейин 35,6 миң билдирүү жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0