07:10 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR92.1193
  • RUB1.1204
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
78 0 0

Турку шаарында колуна бычак алган киши ары-бери өткөндөргө кол салган

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Эки кишинин өлүмү жана сегиз адамдын жабыркоосу менен коштолгон окуя теракт катары кабыл алынган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында сүйлөгөн фин полициясынын өкүлүнө таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин Турку шаарында колуна бычак алган бир киши ары-бери өткөндөргө кол салганы кабарланган. Эки адамдын өмүрүнө забын болгон киши полиция тарабынан жарадар болуп колго түшүрүлгөн.

"Иш теракт катары каралган жок. Шектүү кишинин кол салып жатканда араб тилинде сүйлөгөнү да аныкталган эмес" — деди укук коргоо органынын өкүлү.

Эскерте кетсек, 17-август күнү Барселонада бир нече ирет жасалган терактыдан 13 киши набыт болгон. 

Тема боюнча

Терактылардын кооптуулугунан улам милиция айдоочуларды токтотуп текшерип турат
Терактынын алдын алууга болобу? Чекисттин кеп-кеңеши
Бейажал өлүм, чуу түшкөн эл. Барселонадагы терактыдан алынган кадрлар
Белгилер:
бычак, теракт, Финляндия

ЭҢ МААНИЛҮҮ