ЖМК: Барселонадагы терактыдан 13 адам каза болду

© AP Photo / Oriol DuranМикроавтобус въехал в толпу людей в Барселоне
Микроавтобус въехал в толпу людей в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция каза болгондор бар экенин ырастаганы менен алардын так санын айта элек

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Барселонанын чок ортосунда кичи автобус тебелеп кеткен 13 адам каза болду. Бул тууралуу Cadena Ser радиосу ttp://cadenaser.com/ өздүк булактарына таянуу менен билдирди. 

​Полиция каза болгондор бар экенин ырастаганы менен алардын так санын айта элек. Укук коргоо органдары бул окуяны теракты деп атады. 

​Теракты туристтердин популярдуу жайы болгон Каталония аянтында катталган. Жергиликтүү ЖМКлар трагедияга айыпкер эки куралчан киши ресторанга кирип ичиндеги адамдарды барымтага алганын жазууда. 

 

At least 13 people have been killed and dozens injured after a van ploughed into pedestrians in Barcelona in an apparent terror attack, according to local media. #terror #barcelona #spain

Публикация от ▶ɴᴀʀᴇᴋ ᴍᴜʀᴀᴅʏᴀɴ◀ 🇦🇲🇷🇺 (@n_muradyan) Авг 17 2017 в 10:31 PDT

 

Учурда окуя болгон жерди полиция курчоого алып дүкөн, метролор жабылган. Тез жардам кызматы келип жаракат алгандарга тиешелүү жардамдарды көрсөтүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0