Барселонада кичи автобус элди тебелеп кетти

© AFP / Josep LAGOМикроавтобус въехал в толпу людей в Барселоне
Микроавтобус въехал в толпу людей в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция бул окуяны теракты деп атады

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Барселонанын борбордук көчөсүндө кичи автобус жай тургундарды тебелеп кетти. Бул туралуу РИА Новости 24 Horas агенттигине шилтеме берүү менен билдирди. 

Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа Рамбла районунда жөө адамдар жүрүүчү жолго чыгып элди тебелеп барып күркөнү сүзүп токтогон. Айдоочусу окуя болгон жерден качып кетүүгө жетишкен. 

​Полиция бул окуяны теракты деп атады. 

​El Periodico басылмасынын мындан 20дан ашуун адам жаракат алганын билдирген. 

​Ошондой эле бир катар ЖМКлар күбөлөрдүн берген маалыматына таянып ал жерде атышуу да болгонун жазууда. Башка маалыматар боюнча эки куралчан киши шаардагы ресторандардын бирине кирип кеткен. https://twitter.com/AamerAnwar/status/898200980688445441 

​Учурда окуя болгон жерди полиция курчоого алып дүкөн, метролор жабылган. Тез жардам кызматы келип жаракат алгандарга медициналык жардамдарды көрсөтүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0