Индия: кош бойлуу экенин билбеген 10 жаштагы кыз көз жарды

© AP Photo / Fernando Antonio, FileЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайды кыздын атасы асырап алууга даярдык көрүп жатат

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Индияда зордукталган 10 жашар кыз төрөгөндүгүн India Today сайты жызды. 

Родильное отделение районной больницы Музаффаргарха в провинции Пенджаб, Пакистан - Sputnik Кыргызстан
Таштан боюна бүткөндөр... Бишкектик гинекологдун Пакистандагы иш тажрыйбасынан
Маалыматка караганда, кызды жакын тууганы бир нече айдан бери зордуктап жүргөн. Өткөн айда ал ичи ооруп жатканын айтып даттанганда, ата-энеси ооруканага алып барган. Ошентип дарыгерлер тестиердин 30 жумалык кош бойлуу экенин аныктаган.

Жогорку сот кыздын боюнан алдырып салууга тыюу салган. Анктени Индияда кош бойлуулук 20 жумадан ашып кеткенден кийин түйүлдүктүн өмүрүн медициналык жол менен кыюуга тыюу салынган.

Макалада жазылгандай, кыздын ата-энеси анын курсагында таш бар экен деп ойлогон.

Кыз Чандигарх шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде кесарева жолу менен дени сак бала төрөдү.

Эми баланы кыздын атасы асырап алууга даярдык көрүп жатат.

Зордуктоого шектелген адам кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0