13 жыл мурда жоголгон шакек сабиздин ортосунан чыкты. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с видеохостинга Youtube пользователя CBC News
Снимок с видеохостинга Youtube пользователя CBC News - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул адаттан тыш окуя Канадада болгон

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Канаданын Альберта провинциясынын тургуну 84 жаштагы Мэри Грэм бриллиант көздүү алтын шакегин 13 жылдан кийин таап алды. Болгондо да бакчасындагы сабиздин ортосунан чыкканын BBC телеканалы жазып чыкты.

2004-жылы ал бакчада иштеп жатып бриллиант шакегин жоготуп жиберген. Ал бул окуя тууралуу баласына гана айткан. Мэри жоголгон шакегине окшоштуруп дагы бирди сатып алган.

Бир жаздыктан чачы агарган жубайлар баш кошконунун 70 жылдыгын белгилешти - Sputnik Кыргызстан
Бир жаздыктан чачы агарган жубайлар баш кошконунун 70 жылдыгын белгилешти
Дүйшөмбү, 14-августта анын келини бакчада өскөн сабиздерди жулуп жатып, адаттан тыш окуяга туш болуп, сабиздердин биринен шакек таап алган. Ал сабиздин дал ортосуна кысылып калган. Мэри Грэмдин уулу бул азем буюм кимге таандык экенин дароо билип, апасына чалган. Эми ал болгон окуяны 5 жыл мурда каза болгон күйөөсүнөн жашырып койгонуна өкүнүп жатат. Мэри табылган шакегин колуна тагып, бактылуу экенин айткан.

Бул бакчадан табылган бриллиант шакектердин алгачкысы эмес. 2011-жылы Швециянын тургуну да бакчадан 16 жыл мурда жоготуп жиберген шакегин таап алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0