БУУ: Йеменде холера менен ооругандардын саны 500 миңге жетти

© REUTERS / Khaled AbdullahВспышка холеры в Сане. Йемен
Вспышка холеры в Сане. Йемен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемия бир нече ай ичинде эки миңдей жергиликтүү тургундун өмүрүн алган

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Йеменде холера оорусу менен жабыркагандардын саны 500 миңге жетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, күн сайын холера илдетине беш миң адам чалдыгат. Эпидемия Йеменде апрель айынын соңунда тарап, бир нече ай ичинде эки миңдей тургундун өмүрүн алган.

Мындай абалга йемендиктер өлкөдө болуп жаткан куралдык кагылышуулардын айынан кептелгени айтылууда. Себеби калк жашаган аймактарда таза суу тартыш болуп, экология бузулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0