Билл Гейтс кайрымдуулукка дагы 4,6 миллирд доллар жумшады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүMicrosoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин архивдик сүрөтү
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдөгү эң бай адам Билл Гейтс 1994-жылдан бери 35 миллиард долларлык кайрымдуулук жасаган

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс ишканасынын 4,6 миллирд долларга бааланган 64 миллион акциясын кайрымдуулукка жумшады. Бул тууралуу Блумберг агенттиги баалуу кагаздар боюнча федералдык комиссиянын маалыматына таянып билдирди. 

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Трамп тарткан сүрөт аукциондон 30 миң долларга сатылды
Ал каражатты которууга 6-июнда кол койгон. Алган тарап боюнча маалымат жок. Бул анын 2000-жылдан берки кайрымдуулукка бөлгөн эң көп каражаты болуп саналат. Анда ал 5,1 миллиард, 1999-жылы 16 миллиард доллар кайрымдуулукка жумшаган.

Билл Гейтс аялы Мелинда экөө 1994-жылдан бери 35 миллиард долларлык кайрымдуулук жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0