Россиялык хирургдар 20 жаштагы кызга эки жасалма "жүрөк" салып беришти

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүХирургдар операция учурунда. Архив
Хирургдар операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абалы жакшырып, көбүрөөк кыймылдап калган оорулууну эми жүрөк алмаштыруу операциясы күтүп турат

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Новосибирск шаарындагы Евгений Мешалкин атындагы биомедициналык борбордун хирургдары 20 жаштагы кызга эки жасалма "жүрөк" тагып беришти. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Кабарда айтылгандай, 20 жаштагы Кристинага кол салуу болгондо анын ички органдарына жана жүрөгүнүн бир аз жерине бычак тийип кеткен.

Мындан улам кыз инфаркт илдетине кабылып, жүрөгүнүн жыйрылуусуна жооп берген бөлүгүнүн 80 пайызы соолуп калган.

"Жүрөктүн ишин убактылуу калыбына келтирмейин аны алмаштырууга болбойт. Ошол себептүү жүрөктүн эки баштыкчасынын ичиндеги кан айланууну жөнгө салуучу аппарат коюудан башка аргабыз жок болчу. Операция алты саатка созулуп, жүрөккө эки насос коюлду. Биринчиси сол баштыкчадан канды алып, кан тамырга берсе, экинчиси оң баштыкчанын ишине жооп берет", — деди аталган борбордун дарыгери Александр Чернявский.

Учурда жаңы аппараттар коюлган жүрөктүн иши жакшырып, Кристина өз алдынча тамак ичип, көбүрөөк кыймылдап калганы айтылды.

Жүрөктүн өзүн күз айларында алмаштыруу пландалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0