Сауд Аравияда жарым миллиондой зыяратчы ажылык парзын өтөп жүрөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 13 пайызга көбүрөөк

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Сауд Аравия учурда 445 миң 390 зыяратчыны учак аркылуу кабыл алды. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Муфтият зыяратчылар кандай баштыктарды алышы керектигин маалымдады
Маалыматка ылайык, эки миңге жакын адам унаа аркылуу келген. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 13 пайызга көбүрөөк.

Ал эми быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 4585 жаран аттанат. Учурда Кыргызстандан Сауд Аравияга сегизинчи каттам Ош — Медина багыты боюнча учуп кетти.

Бүгүнкү күндө Мекке жана Медина шаарында Кыргызстандан 2400 жаран өздөрүнүн ажылык парздарын өтөй баштады. Ал эми калган жети каттам Ош-Жидда багыты боюнча 20-августка чейин жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0