Түндүк Корея ири өлкөлөрдөгү элчилерин Пхеньяндагы жыйынга чакырды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Пхеньян
Города мира. Пхеньян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкциялар боюнча акыркы блок БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан 5-августтагы резолюцияда кабыл алынган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Түндүк Корея ири өлкөлөрдөгү элчилерин аларга карата эл аралык санкциялардын фонунда, ракета учуруу чырларынан улам Пхеньяндагы жыйынга чакырды. Бул туурасында РИА Новости Рёнхап агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

"Учурда Түндүк Корея негизги делген мамлекеттердеги элчилерин чакырды, алдын ала болжол менен бул дипломаттарынын жыйыны болчудай", — деп агенттик Түштүк Кореянын өкмөтүнүн өкүлүнүн айтканына таянып жазган.

Агенттиктин маалыматына караганда, жыйынга Түндүк Кореянын Кытайдагы элчиси Ли Чжэ Рён, Россиядагы өкүлү Ким Хён Чжун жана алардын БУУнун атайын өкүлү Ча Сон Нам катышат. Анда бул сымал жыйын жыл сайын өткөрүлө тургандыгы жазылган.

Встреча президента РФ В. Путина и председателя КНР Си Цзиньпина в Москве - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпин АКШ менен Түндүк Кореяны абалды курчутуудан алыс болууга чакырды
Түндүк Корея АКШ тарабынан болгон кооптуулуктан жана Иран сымал болуп калуудан сактанып, континент аралык баллистикалык ракеталарды түзүүнү тездетип жатат. Анткен менен Түндүк Корея өзөктүк куралдарды таратуу тартибин бузуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин сакцияларына өзүнөн-өзү кабылууда.

Санкциялар боюнча акыркы блок БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан 5-августтагы резолюцияда кабыл алынган. Анда катуу чаралар каралган, буга аталган өлкөдөн көмүр, темир жана деңиз азыктарын сатып алууга тыюу салынган.

Ал эми Пхеньян мындай кадам өлкөнүн көз карандысыздыгын бузуу катары эсептеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0