АКШда 31 жыл мурун уурдалган 160 миллион долларлык сүрөт табылды

© AP Photo / University of ArizonaСүрөтчү Виллем де Куниндин "Охра аял" аттуу эмгеги
Сүрөтчү Виллем де Куниндин Охра аял аттуу эмгеги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалуу буюмду Дэвид Ван Аукер аттуу сатуучу жеке коллекциялардын арасынан таап алган

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. АКШнын Аризона штатындагы музейден нидерландиялык сүрөтчү Виллем де Куниндин "Охра аял" аттуу уурдалган эмгеги 31 жылдан кийин табылды. Бул тууралуу РИА Новости аталган музейдин сайтына шилтеме кылып билдирди.

Баалуу буюмду сатып жаткан Дэвид Ван Аукер бул эмгекти жеке коллекциялардын арасынан таап, аны менен кошо дагы башка сүрөттөрдү эки миң долларга сатып алган.

Воры не смогли разбить кувалдами витрины ювелирного магазина в Малайзии - Sputnik Кыргызстан
Малайзияда уурулар дүкөндүн айнек үкөктөрүн барскан менен талкалай албай коюшту
Кийин Нью-Мексико штатындагы өзүнүн дүкөнүнө алып барып сатыкка койгон. Келген кардарлар сүрөт Виллем де Куниндин эмгегине окшош экенин айтышкан. Мындан улам Ван Аукер Аризона штатындагы музейге кайрылганда андагы адситер дароо текшерип, нак өзү экенин ырасташкан.

Музей кызматкерлеринин айтуусу боюнча сүрөттү 1985-жылдын ноябрь айында белгисиз эркек менен аял уурдап кеткен. Аял музейдин күзөтчүсүн алаксытып турганча эркеги 15 мүнөткө жетпеген убакытта сүрөттү чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Баалуу эмгектин баасы азырынча билине элек, бирок буга чейин Американын National Public Radio радиосу сүрөт 160 миллион доллар тураарын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0