Индияда 15 адамды тепселеп өлтүргөн пил атылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүПил. Архив
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапайы жаныбарды зыянсыздандырууга 100дөй адам катышкан

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Индиялык мергенчи Наваб Сафат Али Кхан бийликтин өтүнүчү менен Джаркханд штатында ондон ашык адамды тепселеп өлтүргөн пилди атып өлтүрдү. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед пресс агенттигине шилтеме жасап жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жапайы жаныбарды зыянсыздандырууга 100дөй адам катышкан. Бирок жергиликтүү бийлик пилди жок кылууда Али Кханга гана ок чыгарууга уруксат берген.

Мергенчинин айтымында, операция коркунучтар менен коштолду.

"Эгер жаныбар бизди тумшугу менен сүзгөндө аман калмак эмеспиз", — деди мергенчи.

Жырткыч эс алуучуларды көл жээгинен дыргаяктатып кубалаган видео тарады - Sputnik Кыргызстан
Жырткыч эс алуучуларды көл жээгинен дыргаяктатып кубалаган видео тарады
Жапайы жаныбарды аттыруу чечими бир жума бою ага дары берип кармоо аракеттеринин жыйынтыксыз болгондугунан улам кабыл алынган. Анткени пил март айында Бихар штатында төрт адамды, Джаркханд штатында 11 кишини тепселеп өлтүргөн.

Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин эсеби боюнча, Индияда сейрек кездешкен жаныбарлардын кол салуусунан күнүнө жок дегенде бир адам көз жумат.

Жаңылыктар түрмөгү
0