01:53 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Алып баруучу Дмитрий Борисовдун архивдик сүрөтү

"Пусть говорят" программасына жаңы алып баруучу тандалды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
64510

Теле берүүнүн тартуу иштерине катышкан стилист аны ким алып барганын айтып берди

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Пусть говорят" теле берүүсүнө Дмитрий Борисов аттуу жаңы алып баруучу тандалганын РИА Новости агенттиги стилист Влад Лисовецке шилтеме берип жазып чыкты. 

Лисовецтин айтымында, берүүнүн конокторуна Андрей Малахов эмне себептен кеткендигин эч ким түшүндүргөн эмес.

"Дмитрий Борисов жаңы алып баруучу болуп тандалды. Баягы эле коноктор, баягы эле көрүнүш, болгону Андрей жок. Эч ким эч нерсе түшүндүргөн дагы жок. Берүүнүн акырында Малахов чыга калабы деп үмүттөнгөм, бирок андай болбоду", — деди стилист.

Буга чейин РИА Новости агенттигинин өздүк булагы "Пусть говорят" программасынын жалпы жамааты Биринчи каналдан кетип жатканын билдирген. Ал эми "Пусть говорят" жана "Сегодня вечером" берүүлөрүнүн продюсери Наталия Галькина команданын кетишин ырастаган.

Айрым ЖМКлар жакынкы аралыкта Малахов Биринчи каналдан кетиши мүмкүн экенин жазып чыккан. Буга алып баруучу менен жаңы продюсердин ортосунда чыккан түшүнбөстүктөр себеп экени айтылган. Бирок Малахов өзү ушул күнгө чейин бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Тема боюнча

Кыргызстандык эки кыз эл аралык бий сынагына катышып жатат
Белгилер:
алып баруучу, программа, продюсер, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ