08:09 11 Бештин айы 2017
Түз эфир
Америкалык реалити-шоунун жылдызы, актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын архивдик сүрөтү

Кардашьяндын кезектеги кылыгы күйөрмандарынын нааразычылыгын жамгырдай жаадырды

© AP Photo / Charles Sykes / Invision
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
3844 0 0

Көптөрдүн ар кыл пикирлерин жараткан сүрөтүн Кардашьян Instagram баракчасына жарыялаган

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Америкалык реалити-шоунун жылдызы, актриса жана фотомодель Ким Кардашьян өзүнүн кылыктары менен бул сапар да элди таңгалдырды. Бул туурасында Huffington Post жазды.

Ал Instagram баракчасына көкүрөгү ачык, денесин чыптаган жана чоң энелердин ички кийимин эске салган этегине тор тагылган чолок шымчан сүрөтүн жарыялаган.

Ал сүрөтүн коёру менен соцтармактагылар ызы-чууга түшүп, талкуулап жатып калды. Бир катарлары чоң энелердин дамбалын чечип, башкага алмаштырууну сунуштап да жиберишти.

"Бул менин энемдин ич кийимин элестетип жатат. Кардашьян анын үстүнө шым же көйнөк кийгенди унутуп калса керек да", — деп жазган дагы бири.

Модадан түшүнүгү барлар 36 жаштагы моделдин бул кылыгын ойлонулбай жасалган кадам деп баалады.

Башка бирөөлөр Кардашьянды бул кийимчен көргөндөн соң сыйлабай калышкандыгын жазды.

Анын бул сүрөтүн бир күндө 1,3 миллион адам "жакты" деген белги койгон.

Тема боюнча

4 млн. евролук шакегин жана миллиондорун уурдаткан Кардашьян сотто көрсөтмө берди
Британиянын элчиси дагы бир байпагын көрсөтүп элди таң калтырууда
Белгилер:
мода, социалдык тармак, Ким Кардашьян
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ