БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ирандын президенти Хасан Роухани үч аялды жаңы өкмөттөгү кызматка дайындаганын өлкө башчынын расмий сайтында маалымдалды.
Аялдар укук маселелери боюнча вице-президенттикти, үй-бүлө иштери боюнча президенттин орун басарлыгын жана жарандардын укуктары боюнча жардамчылык кызматтарды аркалайт.
Роухани жаңы өкмөттө иштей турчу кишилердин тизмесин бекитип берүү үчүн аны парламентке жиберген. Бул тизмеде министрликти аркалаган аялдар жок.
Иран мамлекети негизделгенден бери бир гана аял — Марзие Вахид Дастджерди министрлик кызматта иштеген. Ал мурдагы президент Махмуд Ахмединежаддын тушунда саламаттык сактоо жана медициналык билим берүүнү тейлеген.
Белгилей кетсек, Тегеран шаарында 5-августта экинчи мөөнөткө шайланган президент Хасан Роуханинин инаугурациясы болгон.