Индияда миллионго жакын адам митингге чыгып селдей агылды

© REUTERS / SHAILESH ANDRADEИндиянын Мумбаи шаарынын көчөлөрүнө жумушка орношуу жана билим алуу үчүн кошумча орундарды сурап, маратхи деп аталган этникалык топ митингге чыкты
Индиянын Мумбаи шаарынын көчөлөрүнө жумушка орношуу жана билим алуу үчүн кошумча орундарды сурап, маратхи деп аталган этникалык топ митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыймылдын активисттери бир жыл ичинде 57 жүрүш өткөргөн. Бирок бүгүнкү митинг тагдыр чечээрлик болору айтылууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Индиянын Мумбаи шаарынын көчөлөрүнө жумушка орношуу жана билим алуу үчүн кошумча орундарды сурап, маратхи деп аталган этникалык топ митингге чыкканын РИА Новости жазды. 

​Маалыматка караганда, миллионго жакын маратхилер "үн катпас марш" деп аталган акцияга катышууда.

Митингчилер шаардын бир нече көчөлөрүн аралап баскандан кийин штаттын жетекчисинин офисинин алдына барып, бардык талаптарын айтышкан.

"Биздин талаптарыбыз абдан көп, бирок негизгилери — жумушка орношуу жана билим алуу үчүн кошумча орундар берилсин деп жатабыз", — деди нааразычылык акциясынын лидерлеринин бири Нараян Ране.

Ошондой эле акциянын негизги себептеринин бири маратхи элинен чыккан 14 жашар кызды башка кастадагы бир нече эркек кордоп, өлтүрүп койгону болгон.

Кыймылдын активисттери бир жыл ичинде 57 жүрүш өткөргөн. Бирок бүгүнкү митинг тагдыр чечээрлик болору айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0