Түндүк Корея АКШны ракеталык сокку менен опузага алды

© REUTERS / U.S. Air Force / Staff Sgt. Robert Hicks / HandoutВоенная база США на острове Гуам
Военная база США на острове Гуам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кореянын борбордук телеграф агенттиги америкалык объектилерге кол салуу боюнча план бар экендигин жазды

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Түндүк Корея Гуам аралындагы АКШнын аскерий объектилерине ракета менен сокку уруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул туурасында BBC Кореянын борбордук телеграф агенттигине шилтеме кылып кабарлаган.

Аталган арал Тынч океандын батыш жагында жайгашкан.

Агенттиктин жазганына караганда, Түндүк Корея АКШ президенти Дональд Трамптын эгер Пхеньян кооптуулук жаратса алардын башына каран түн түшүрүүгө берген убадасына ушундай жол менен жооп бере турган болгон.

Межконтинентальная баллистическая ракета Hwasong-14 КНДР - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея өзөктүк куралын качанкыга чейин сынай турганын маалымдады
Телеграф агенттиги Түндүк Кореянын аскерийлери орто аралыкка уча турган "Хвасон-12" ракетасын пайдаланып, кол салуу боюнча планды тыкыр талкуулап жаткандыгын жазган. Анда Түндүк Кореянын армия өкүлүнүн "лидер Ким Чен Ын чечим кабыл алары менен план ишке киргизилет" деген билдирүүсү тууралуу кеп болот.

Тынч океандагы Гум аралында Американын Андерсен аба базасы менен Апра-Харбор деп аталган аскер-деңиз базасы бар.

Түндүк Корея АКШ алардын куралдары жете турган аймакта экендигин айтып, июль айында баллистикалык эки ракетаны учурган. Ал эми эксперттер алардын ракеталарынын көпчүлүгү мээленген бутага тийбей тургандыгын жана эсептелген аралыкка жетпей калгандыгын айтышууда.

АКШ жана Түндүк Кореянын коңшулары аталган өлкөнүн ракета учуруп жаткандыгын айыпташууда, ал эми АКШ менен болгон тирешүү улам күчөп барат.

Трамп аталган өлкө соңку ракетаны учурганда муну ойлонбой жасалган акылсыз жана кооптуу кадам деп айыптап, "Түндүк Корея АКШны коркута бергенин токтотуш керек. Болбосо ал дүйнө али көрө эле каар менен отко кабылат" деген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0