Кытайда ресторан кардарларына арзандатууларды төшүнүн көлөмүнө карап сунуштады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДекольте кийим кийген кыздын архивдик сүрөтү
Декольте кийим кийген кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткен менен мындай жарнама кызыл-чеке талаш жаратып, өзгөчө улгайгандарды нааразы кылган

БИШКЕК, 9-авг. – Sputnik. Чжэцзян провинциясындагы Ханчжоу шаарында арзандатууларды аялдардын көкүрөгүнүн көлөмүнө карап сунуштаган ресторан ачылды. Бул туурасында РИА Новости "Цяньцзян ваньбао" гезитине таянып жазды. 

​Басылма ресторан мезгил-мезгили менен жогорудагыдай акцияларды уюштуруп турарын жана буга чейин кардарлардын боюна карап арзандатууларды жасагандыгын билдирген.

Хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда кредиттен качкан аял пластикалык операция жасатып, из жашырган
Август айында ресторан кыздарын сүрөтү тартылган жарнама илип, анда көкүрөктүн кандай көлөмүнө канчалык жеңилдик караларын жар салган. Эч кимди таарынтпаш үчүн алар алгач бардык кыз-келиндерге 5 пайыздан башталган арзандатуу сунуштаган. Эң көбү 65 пайыз деп көрсөтүлгөн.

Анткен менен мындай жарнама кызыл-чеке талаш жаратып, өзгөчө улгайгандарды нааразы кылган. Бир нече күндөн кийин жарнама илинген жеринен алынган, бирок жеңилдик күчүндө кала берген.

Ал эми бул акцияга жаштарды мамилеси ар кандай болуп, бир катарлары аялдарды кемсинткен атайын сунуш деп баалашкан. Интернет колдонуучулардын бирөө бул үчүн ресторандын администрациясын айып пулга жыгуу зарыл десе, дагы бир аял мэриянын түз байланыш телефонуна чара көрүүнү сурап чалып да жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0