Япония Түндүк Кореянын ракеталык соккусуна даярдык көрүп жатат

© AP Photo / Wong Maye-EСевернокорейские солдаты во время парада в Пхеньяне
Севернокорейские солдаты во время парада в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жыл ичинде Түндүк Корея 14 баллистикалык ракета учурган. Алардын бардыгы Япония тарапты көздөй багытталга

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Япония Түндүк Кореянын ракеталык соккусуна даярдык көрүп жатат. Бийлик өлкө жашоочулары үчүн сокку болуп кала турган болсо кантип коргонуу керектиги тууралуу инструкция иштеп чыкты.

ВВС телеканалынын Токиодогу кабарчысы Руперт Уингфилд-Хейз Япониянын түндүк-батышына барып, тургундар кандай даярдыктардан өтүп жатканын көрүп келген.

"Сиренанын үнү чыгары менен эл дубалдарга жашынып, имараттарга качып кирип жатышты. Кээ бирлери жакынкы мектепке чуркашты. Инструкция боюнча мектеп имараты ракеталык соккудан сактануучу жай болуп бере алат", — деп Саката шаарынын тургундарынын даярдыгын көргөн кабарчы билдирген.

​"Бул абдан коркунучтуу. Эгер капысынан ракеталык сокку болсо кайда качуу керектигин билбейм. Мындай окутуулардан өзүмдү кандай алып жүрүү керектигин үйрөнүп жатам", — деп шаар тургуну билдирген.

Телеканалдын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жыл ичинде Түндүк Корея 14 баллистикалык ракета учурган. Алардын бардыгы Япония тарапты көздөй багытталган. Түндүк Корея акыркы жолу ракетасын июль айынын аягында учурган. Ал Япониянын экономикалык зонасындагы сууга кулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0