Чеченстанда жол чийинден учак менен жеңил унаа кагыша кетти. Окуянын видеосу

Жазылуу
Бул кырсыктан жабыр тарткандар же каза болгондор тууралуу азырынча так маалымат жок

Чеченстанда жөө адамдар өтчү чийинден унааны жеңил моторлуу учак сүзүп кеткендигин Sputnik Белоруссия агенттиги жазды.

Жол кырсыгын Twitter тармагынын колдонуучусу видеого тартып алууга жетишкен. 

​7-август күнү интернетке жаряланган бул видеонун алдында "Чеченстанда жол кырсыктары дагы өзгөчө" деп жазылган.

Бул кырсыктан жабыр тарткандар же каза болгондор тууралуу азырынча так маалымат жок.

Россия ЖМКларында жазылгандай, тиешелүү органдар иликтөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0