Британиялык медиктер алтындын чаңы менен ракты дарылоону үйрөнүштү

© REUTERS / Sergei KarpukhinАлтын куймасы. Архив
Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай пикирге алар алтындан башка металлдардын атомдорунун адамдын денесине түшкөндөгү пайда-зыянын изилдөө алкагында жасалган эмгектерден соң келишкен.

БИШКЕК, 8-авг. – Sputnik. Британиялык биологдор алтындын атомдору же нанобөлүкчөлөрүнүн жардамы менен жасалган коопсуз химиотерапияны ойлоп чыкты. Бул туурасында РИА Новости Angewandte Chemie журналына шилтеме берип жазды.

"Алтындын мурда билбеген химиялык касиетин ачтык. Тажрыйба бул металлды химиотерапия менен залалдуу шишиктин ичине киргизип дарылоодо колдонууга болорун көрсөттү. Келечекте алтындын бөлүкчөлөрүн шишиктин ичине киргизүү анын башка организмдерге тарашын бир топ эле азайтышы мүмкүн", — деди айткан Эдинбург (Шотландия) университетинин өкүлү Асир Унчити-Брочета.

Учреждения для лиц с ограниченными возможностями жизнедеятельности - Sputnik Кыргызстан
"Доктур, мен өлүп каламбы?" деп сурады бала кадала тиктеп. Бишкектик онкологдун маеги
Акыркы жылдары окумуштуулар ракты дарылай турган бир нече ыкмаларды тапкан. Алар органикалык жана органикалык эмес нанобөлүкчөлөргө таянган. Кээ бир учурларда аталган бөлүкчөлөрдүн өздөрү шишиктин жоголуп кетиши үчүн "бута" болуп берет. Тагыраагы, клетканы ысытып же куйкалаган иммундук клеткалар же лазер нуру аларга тикелей багытталат.

Унчити-Брочета анын башка кесиптештери нанобөлүкчөлөрдү рак клеткаларына дарыларды жеткирүү үчүн гана эмес, аларды таасирин көбөйтүүчү каражат катары колдонууга боло тургандыгын айтты. Мындай пикирге алар алтындан башка металлдардын атомдорунун адамдын денесине түшкөндөгү пайда-зыянын изилдөө алкагында жасалган эмгектерден соң келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0