Түндүк Корея коңшусу Түштүк Кореянын ымаланы жакшыртуу сунушун четке какты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын желеги. Архив
Түндүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки Кореянын тышкы иштер министрлери эл аралык саммитте жолуккан

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Түндүк Кореянын ТИМ башчысы Ли Ён Хо Манилада түштүк кореялык кесиптеши Кан Гён Хва менен жолукканда Сеулдун ымаланы жакшырталы деген сунушун четке какты. Бул туурасында РИА Новости Рёнхап агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Эки Кореянын тышкы иштер министрлери Түштүк азиялык саммит менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Коопсуздук боюнча аймактык формунун сессиясында жолуккан.

Города мира. Пхеньян - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Кореяга карата санкциялар: өлкө жылына миллиард доллардан кол жууйт
Аталган агенттик Ли Ен Хонун "Түштүк тарапка чын пейилден жасалган мамиле жетишпей жатат", — деп айтканын жазды.

Ал кесиптешин (Түндүк Корея министрине – ред.) Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Индин демилгесине оң жооп берүүгө чакырган.

Буга чейин Мун Чжэ Ин Германияга болгон иш сапарынын учурунда "Берлин демилгесин" сунуштаган. Анда Түндүк жана Түштүк Кореянын аскерий өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөрдү жандандыруу айтылган. Буга кошумча Кызыл чырым уюму аркылуу кызматташуу боюнча да сөз болгон.

Андан көп өтпөй Сеул расмий түрдө Пхеньянга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн датасын белгилеп, конкреттүү сунуштарын жиберген. Бирок Түндүк Корея аларга жооп берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0