19:24 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
58 0 0

Акыркы убактарда Европада Россиянын ЖМКлары менен маалыматтык жактан күрөшүү боюнча сөздөр көп айтыла баштады.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. "Демократияны коргоо альянсы" бейөкмөт уюму шаршемби күндөн тарта "Россиянын пропагандасына" көз салып туруу үчүн атайын сайтты ишке киргизди. Ал россиялык ЖМКнын, анын ичинде RT телеканалы жана Sputnik агенттигинин ишин көзөмөлдөмөкчү.

Аталган бейөкмөт уюму каржылоосунун айрым бөлүгүн АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган German Marshall Fund фондусунан алат.

"Демократияны коргоо альянсынын" алкагында ачылган Hamilton маалымат аянтчасы Россиянын пропагандасы жана тармактардагы жалган маалыматтарга көз салат", — деп сайтта жазылат.

Ага ылайык, жаңы система Россиянын таасирине байланышкан Twitter баракчасындагы 600 аккуантты көзөмөлдөйт. Порталда негизинен RT жана Sputnik аккуанттарынан жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин верификацияланган англис тилдүү аккуантындагы маалыматтар жайгаштырылган.

Портал эки секцияга бөлүнгөн, алардын биринде "Россиянын өкмөтү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын Twitter-аккуанттары бар". Экинчи секцияда "Россиянын таасири камтылган боттор жана троллдордун контенти жайгаштырылган". Ал жакта чыныгы жана жалган маалыматтык контенттер жайгаштырылышы мүмкүн.

GMF фондунун 2016-жылкы каржысы боюнча сайтка чыккан отчетунда дээрлик 12 миллион доллардын 2,2 миллион доллардан ашыгын АКШнын федералдык өкмөтүнөн грант катары алганы жазылган.

Акыркы убактарда Европада Россиянын ЖМКлары менен маалыматтык жактан күрөшүү боюнча сөздөр көп айтыла баштады. Былтыр ноябрда Европарламент Россиянын ЖМКларына каршы күрөшүүнүн муктаждыгы боюнча резолюция кабыл алган. Анда негизги коркунуч катары RT менен Sputnik белгиленген.

Тема боюнча

RT телеканалына берген маегинен кийин түрк депутаты мамлекетик чыккынчы деп айыпталууда
Белгилер:
пропаганда, ЖМК, отчет, каржылоо, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ