Адамзат жердин бир жылдык запасын түгөтүп, "карызга" жашай баштады

© REUTERS / Iggoy el Fitra/Antara FotoМассовая гибель в Индонезии
Массовая гибель в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер жүзүндө бардык азык-түлүктөрдүн 30 пайызы желбей эле ыргытылат. Бул жылына 1,3 миллиард тонна тамак таштандыга кетет дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кечээ, 2-августта, адам баласы жердин 2017-жылга карата запасын толугу менен түгөтүп, эми "карызга" жашай баштаганын Россиянын жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фондусуна (WWF) шилтеме берип РИА Новости жазды.

"2-августта жердин жаратылыш байлыктарынын 2017-жылга бөлүнгөн запасы түгөндү. 2000-жылдардын башында ресурстар октябрь айына чейин жетип жаткан. Жыл өткөн сайын бул күн жылдын башына жакындагандан жакындап келүүдө. Бул жылы өзүнүн күнүмдүк муктаждыктарын толтуруу үчүн адам баласына планетанын жылдык ресурсунун 170 пайызы керек болуп турат", — деп жазылат макалада.

Кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: 100 жылдан ашык өмүр сүрүүгө ген жардам бере албайт
Маалыматка караганда, тамаш-аш өндүрүү бизди курчап турган айлана-чөйрөгө бир топ терс таасирин тийгизет. Ошого карабай бардык азык-түлүктөрдүн 30 пайызы желбей эле ыргытылат. Бул жылына 1,3 миллиард тонна тамак таштандыга кетет дегенди түшүндүрөт.

Россиянын жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фондусунун адистеринин айтымында, адам баласы тамакка болгон көз карашын өзгөртпөсө, 2050-жылга чейин жегенге азык калбай калышы толук мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0