Москвадагы мигранттар массалык түрдө мушташып кетти. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүСтолкновения во время митинга оппозиции в Бишкеке
Столкновения во время митинга оппозиции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
40тан ашуун жумушчу колуна күрөк, арматура алып, курулуш жүрүп жаткан аянтта мушташып кетишкен

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жаңы Москвада курулушчулардын эки бригадасы мушташып кеткенин РИА Новости ИИМдин шаар башкармалыгына таянуу менен жазып чыкты.

Буга чейин укук коргоо органдарындагы булактар агенттикке Өзбекстан менен Армениядан келген 40тан ашуун жумушчу курулуш аянтында мушташып кеткенин кабарлаган. Анын айтымында, курулушчулардын колунда күрөк, арматура болгон.

“Окуя болгон жерген келген полиция тарабынан эки бригаданын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал мушташка айланып кеткени аныкталган. Натыйжада алты киши жаракат алып, ооруканаларга жеткирилген”, — деп айтылат маалыматта.

Булактын айтымында, чыр жумушчулардын бири үйдүн чатырынан таштанды ыргытканынан башталган. Массалык мушташ боюнча “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0