Трамп санкциялар тууралуу мыйзамды сындап, бирок ага кол коюуга аргасыз болду

© REUTERS / Jonathan ErnstПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын лидери мыйзам долбоорго кол коюп жатып, конституцияга каршы нормалар камтылгандыктан аны ийгиликсиз деп атады

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия, Иран жана КЭДРге каршы санкциялар тууралуу мыйзам долбоорго кол койгонун Ак үйгө шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Муну менен бирге Ак үй өлкө башчынын аталган мыйзам долбоорун сындаган билдирүүсүн таратты. Трамп кол коюлган мыйзам долбоору өзүнө конституцияга каршы келген нормаларды камтый турганын айтып, муну конгресстин аталган документти шашылыш кабыл алганы менен түшүндүрдү.

“Администрация конгресстен аталган мыйзамды Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу жаатында европалык кесиптештер менен жасалып жаткан маанилүү ишибизге каршы колдонбойт деп үмүттөнөт”, — деди Трамп.

Анын айтымында, эгер мыйзам америка бизнесине, АКШнын достору менен союздаштары үчүн терс таасир тийгизе турган болсо, администрация чара көрө турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-июль күнү АКШнын конгресси Россия, Иран жана КЭДРге каршы санкциялар тууралуу мыйзамды колдоп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0