03:43 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Россиянын балдар акыйкатчысы Анна Кузнецованын архивдик сүрөтү

Россиянын балдар акыйкатчысы "педофилдер тизмесин" түзүү сунушун колдоду

© Sputnik / Алексей Никольский
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
31 0 0

2016-жылы Россияда балдарга карата 12 миң 353 сексуалдык маанайдагы кылмыш катталган

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россиянын балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова "педофилдер тизмесин" түзүү идеясын колдоп чыккандыгын РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Россияда мурда эле көтөрүлүп келген бул идеяга Кузнецованын басым жасашына балдар лагеринин тарбиячысы педофилияга шектелген чуу себеп болду.

Россиянын Тергөө комитетинин регионалдык башкармалыгынан билдиришкендей, Москва облусундагы "Салют" балдар лагеринин тарбиячысы 25-июль түнү 12 жаштагы эки балага сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган. Шектелүүчү колго түшкөндө күнөөсүн мойнуна алып, ага карата кылмыш иши козголгон.

"Кузнецованын пикиринде балдар лагериндеги кезектеги чуу жумушчуларды кызматка алуудагы жана көзөмөлдөөдөгү кемчиликтерден кабар берет. Ошол себептүү "педофилдер тизмесин" түзүү боюнча мыйзам иштеп чыгышыбыз керек. Ага балдар жана жашы жете электерге "кол салган" ар бир жаран тууралуу маалыматтар киргизилиши зарыл. Андан кийин ал адамдар өмүр бою көзөмөлдө турушу шарт", — деп акыйкатчынын аппаратынын билдирүүсүндө айтылды.

Маалыматка караганда, 2016-жылы Россияда балдарга карата 12 миң 353 сексуалдык маанайдагы кылмыш катталган.

Тема боюнча

Британияда педофилдикке шектелген имам 13 жылга эркинен ажыратылды
Казакстанда окуучу 8 жашар кызды педофилден сактап калды
Белгилер:
педофилия, мыйзам, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ