Кытайда кредиттен качкан аял пластикалык операция жасатып, из жашырган

© Sputnik / Жоомарт УраимовХирург. Архив
Хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал июль айында башка бирөөнүн документи менен билет алып, жер которууга аракет кылганда кармалган

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кытайдын Хубэй провинциясынын тургуну 3,7 миллион доллар суммасындагы кредитти төлөөдөн качып, пластикалык операция жасаткан. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып кабарлады.

Ухань провинциясынын шаардык сотунун чечиминен соң 59 жаштагы Чжу Нацзюань кебетесин өзгөртүп, изин сууткан.

Агенттиктин маалыматына караганда, ал июль айында башка бирөөнүн документи менен билет алып, жер ооштурганда кармалган. Полиция кызматкерлери аны тапканда таңгалып, тааныбай туруп калышкан.

"Ал мурдагы сүрөтүнөн абдан айырмаланып, 30-40 жаштагыдай көрүндү", — деп айтып беришкен тартип сактоочулар.

Акыркы учурда Ухань шаарында насыя алып, төлөбөй из жашырып жүргөндөр менен күрөш күчөгөн. Бул жылдын алты айында эле шаарда карызын төлөбөй качып жүргөн 186 адам кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0