Түндө Кыргызстанды ызы-чуу кылган ракета азыр кайда? Расмий маалымат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүБайконур космодромунан көтөрүлгөн "Союз МС-05" кемеси
Байконур космодромунан көтөрүлгөн Союз МС-05 кемеси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басым бир калыпка келтирилип, люк ачылган соң кеменин экипажы эл аралык космостук станциясында күтүп тургандарга кошулат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кечээ Байконур космодромунан көтөрүлгөн "Союз МС-05" бүгүн Эл аралык космостук станция менен жалгашты. Бул туурасында РИА Новости агенттигине Учууларды башкаруу боюнча борбордон кабарлашкан. 

Кеме жерден космоско Казакстандын Байконурунан Бишкек убактысы боюнча саат 21.41де (МСК) учуп чыккан.

"Союз" кемесинин бортунда россиялык космонавт Сергей Рязанский, америкалык астронавт Рэндольф Брезник жана Европалык космос агенттигинин астронавты Паоло Несполи болгон.

Түндүк Кореянын аскер кызматкерлери парад учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея баллистикалык ракетаны экинчи ирет ийгиликтүү учурганын жар салды
Басым бир калыпка келтирилип, люк ачылган соң кеменин экипажы станцияга өтүп, эл аралык космостук станциясында күтүп тургандарга кошулат.

Аба кемеси ал жакта 139 күн болмокчу.

Ошол аралыкта россиялык космонавттардын ачык космоско чыгары пландалууда. Андан сырткары, илимий спутниктерди учуруп, үстүңкү катмарга изилдөө жасашат.

Байконурдан учкан кеме кечээ Бишкектин, дегеле кыргызстандыктардын көп аймактарындагы жашоочулардын ызы-чуусун жараткан. Алар Казакстан тараптан ракета сыяктуу жарык көрүнгөнүн айтып, социалдык тармактарга сүрөттөрдү илип, талкуулай баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0