Трамп тарткан сүрөт аукциондон 30 миң долларга сатылды

© REUTERS / CARLOS BARRIAАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттүн ылдый жагынан Трамптын алтын маркер менен жазылган кол тамгасын көрүүгө болот

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп тарткан сүрөт аукциондон 30 миң долларга бааланды. Бул тууралуу Nate D. Sanders аукцион үйүнүн расмий сайты жарыялаган. 

© Фото / Nate D. SandersАКШнын президенти Дональд Трамп тарткан сүрөт
Рисунок, созданный и подписанный президентом США Дональдом Трампом - Sputnik Кыргызстан
АКШнын президенти Дональд Трамп тарткан сүрөт

Маалым болгондой бул сүрөттү АКШнын өлкө башчысы кайрымдуулук иш-чара үчүн тарткан жана ал сейрек кездешкен эмгек болуп саналат.

"Сүрөткө президент асман тиреген Trump Tower үйү менен Нью-Йорк шаарынын сөлөкөтүн түшүргөн. Ал эми тартылган сүрөттүн ылдый жагынан Трамптын алтын маркер менен жазылган кол тамгасын көрүүгө болот", — деп жазылат маалыматта.

Аукциондо эң аз баа тогуз миң доллар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0