Пакистан: Айыл кеңешинин чечими менен 16 жашар кыз эл алдында зордукталды

© AFP 2023 / SS MIRZAПакистанда 20 кишиден турган Айыл кеңешинин чечими менен 16 жаштагы кыз ата-энесинин көзүнчө зордукталган үй
Пакистанда 20 кишиден турган Айыл кеңешинин чечими менен 16 жаштагы кыз ата-энесинин көзүнчө зордукталган үй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кылмышка өч алуу үчүн барышкан

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Пакистанда 20 кишиден турган Айыл кеңешинин чечими менен 16 жаштагы кыз ата-энесинин көзүнчө зордукталганын ВВС агенттиги жазып чыкты.

Билдирмеге караганда, июлдун башында Айыл кеңешине жергиликтүү тургун кайрылып, анын 12 жаштагы карындашы тууганы тарабынан зордукталганын айткан. Арызды уккан Айыл кеңешинин өкүлдөрү өч алуу үчүн айыпталуучунун карындашын зордуктоого буйрук берген.

Айдоочу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандык кыздын сөөгү мекенине алып келинди
Натыйжада 16 жаштагы кыз ата-энесинин көзүнчө күч колдонуп зордукталган.

Кийин эки кыздын ата-энеси тең полицияга кайрылганда, дайындалган медициналык экспертиза кыздар зордукталганын тастыктаган.

Ахсан Юнас аттуу полиция кызматкеринин айтымына караганда, учурда 25 эркекке карата жазылган арыз каттоого алынды. Ал эми 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран дагы деле эркиндикте жүрөт.

Айрым булактар зордуктоо буйругун Айыл кеңеши берген деп жазышса, Би-Би-Си агенттигинин өздүк булактары кылмыш кылган эрекектер тобу эки үй-бүлөнүн өкүлдөрү экенин айтууда.

Айыл кеңеши же Джирга — аксакалдардан түзүлөт. Алар айылдагы талаш жараткан маселелерди чечүү менен алектенишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0